Ысык-Көл районунда баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Жаркынбай айылынын тургуну 1967-жылы туулган Т.А.Э аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда кармалган жарандын шкафынын ичинен 6 грамм гашиш баңгизаты табылган, ал өз көрсөтмөсүндө Сергей аттуу адамдан алгандыгы боюнча көрсөтмө берген.
Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында, ал адам 1956-жылы туулган Жаркынбай айылынын тургуну М.С.М. экендиги аныкталып, тинтүү учурунда кашардын кире беришиндеги темир мештин ичинен жана жыйылган кирпичтин астынан жалпы салмагы 4 килограмм 530 грамм баңгизаты алынган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.