Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-апрелде милицияга У.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адам ошол эле күнү болжол менен саат 18:30 чамаларында Айтматов көчөсүндө жайгашкан жатаканалардын биринине кирип, 2008-жылы туулган инисинин 42 миң сомдук ноутбугун жана 3 500 сомдук бут кийимин уурдап кеткенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1998-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.