Бишкекте тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

Бишкек шаарынын Ленин райондук иликтөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

15-апрелде УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинин иликтөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты А.Э.А. кармалган.

"Аталган тергөөчү козголгон кылмыш иши боюнча маселени оң жакка чечүү үчүн айыпталуучу жарандан акча талап кылгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда опузалап акча талап кылуу айыпталган беренелерди олуттуураак беренелерге кайра классификациялоо коркунучу менен жасалган", - деп билдиришти УКМКдан.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан ИИМ жетекчилиги менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан