Астананын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык сотунда Куандык Бишимбаев менен Бахытжан Байжановго карата соттук отурум уланууда. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 17-апрелде тараптар кылмыш ишинин материалдарын иликтөөнү улантышты.
Бишимбаевдин жактоочусу Назкен Кусаинова "Bau" ресторанындагы бөлмөлөрдүн мүнөздөмөсүн окуп берди. Бул учурда жабырлануучу тараптын өкүлү Игорь Вранчев Салтанат Нукенова каза болуп жаткан VIP-1 бөлмөсүндө бир дагы манжа изи табылбаганына көңүл бурду.
Ушуга байланыштуу Вранчев Бишимбаевден муну кантип түшүндүрүп бере ала тургандыгын сурады. Бирок Бишимбаев жооп бере алган жок. Андан соң Вранчев Бишимбаевден VIP-1 бөлмсүнөн Нукенованын манжа издерин жоготуу үчүн нашатырь спиртин же башка каражаттарды колдонгонун сурады.
"Эч качан. Мен аны кантип колдонууну билбейм. Аны кантип колдонуу керектигин Байжанов көрсөткөн", - деп жооп берген Бишимбаев.