Борбор калаанын аймагында учурда мотоциклдерди транспорт катары колдонгон чет элдик студенттердин катышуусундагы жол кырсыктары көбөйүп жатканына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
"Чет мамлекеттен келип, Бишкек шаарынын аймагында жашап окуган студенттердин коопсуздугун сактоо максатында жогорку окуу жайларында, чет элдик студенттерге лекция өткөзүлдү.
Бишкек шаарынын аймагындагы тез жеткирүү кызматтарынын жетекчилиги менен чет элдик студенттердин катышуусундагы жол кырсыктары көбөйүп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча маалыматтар берилди. Студенттерди иштен бошотуу боюнча сунушталып, натыйжада 100дөн ашык чет элдик студенттердин иштери токтотулду", - деп жазылат билдирүүдө.