Бүгүн, 20-декабрда "Казань-2013" Универсиадасынын чемпиондору алтын орден менен сыйланды
Бугунун элеси түшүрүлгөн орден.
(Солдон-оңго) Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов, КРнын Студенттер спорт федерациясынын президенти Шаршен Касенов жана "Казань-2013" Жайкы Универсиадасынын чемпиондору Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков.
Мурат Саралинов Шаршен Касеновго алтын орден тагууда. Мындай орден менен "Казань-2013" Универсиадасынын чемпиондору да сыйланышты.
Ысык-Ата райондук спорт комитетинин өкүлдөрү Шаршен Касеновду "Ардактуу жаран" деген наам менен сыйлашты.
Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров аталган федерацияга ыраазычылык билдирди.
Федерациянын президенти Шаршен Касенов спорт тармагындагы көмөктөштүгү үчүн КРнын Юстиция министри Алмамбет Шыкмамбетовго да ыраазычылык билдирди.
Келген конокторго аталган федерациянын тарыхы тууралуу чакан тасма көрсөтүлдү.
Универсиада оюндарына карата чыгарылган китеп.
КРнын Эркин күрөш федерациясында кызмат кылып келген Арзыбек Кожобеков сөз алып, "КРнын Студенттик спорт федерациясы 2013-жылдын мыкты федерациясы деп аталууга татыктуу" деди.
КРнын Оор атлетика федерациясынын вице президенти Улан Молдодосов да сыйланды.
Кечеге Улукбек Салымбеков баштаган бир катар спорт ишмерлери келди.
Шаршен Касенов "Казань-2013" Бүткүл дүйнөлүк универсиадасын чагылдырган Эмил Чекировго ыраазычылык барагын ыйгарды.
Алгач сөздү КРнын Студенттик спорт федерациясын 10 жылдан бери жетектеп келе жаткан Шаршен Касенов алды. Ал аталган федерациянын акыркы мезгилдеги жетишкендиктерине токтолду.
Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте
КРнын Студенттик спорт федерациясы 10 жылдыгын белгиледи. Саамалыкка бир катар спорт
ишмерлери келип катышышты.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев