Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземи өтүп жатат.
Иш-чарада “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу “Даңк” медалы менен сыйланды. Сыйлыкты президент Садыр Жапаров тапшырды.
Белгилей кетсек, театр 300 орундуу жана анын ичинде 16 бөлмө бар. Курулуш иштери 2022-жылы башталган.