Эми Ошто дагы "Ак шумкарлардын" оюндары өтө башташы мүмкүн

Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионго заманбап жарыктандыруучу система орнотулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

"Жарыктандыруу системасын орнотуу боюнча иштер Кыргыз футбол биримдигинин күчү менен ушул жылдын август айынын аягына чейин аяктайт. Заманбап жарыктандыруу системасы стадиондогу оюндарды кечки маалда өткөрүүгө шарт түзөт.

Мындан сырткары Бишкектин башкы Дөлөн Өмүрзаков атындагы аренасынын реконструкциясы убагында Оштун борбордук стадиону Кыргызстандын улуттук жана жаштар курамасынын оюндарын тосо алат", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

Ошондой эле стадиондун жакынкы аймагында жайгашкан жер "Алай" футбол клубунун карамагына жаңы оюн талаасын куруу үчүн бөлүнгөндүгү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан