Бишкекте адамдардын бөйрөктөрүн сатып жүргөндөр кармалышты (фото)

Адам органдарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК өлкөдө адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттерин аныктады.

Козголгон кылмыш боюнча ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында З.Р. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А. аттуу жаран аныкталган.

"К.А. аттуу жаран чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары өлкө аймагында акчалай сыйлык үчүн донорлорду таап, ички органдарын алдоо жолу менен берүүгө азгырышкан.

Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек болгон, бирок организмдин абалына карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан тышкары уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасашып, Кыргызстандын чегинен тышкары чыгып турушкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен миң доллардан 7 миң долларга чейин, жалдоочулар болсо ар бир жиберилген донор үчүн 3 миң долларга чейин алышкан. Ал эми акчанын олуттуу бөлүгү – 30 миң доллардан 70 миң долларга чейин каналдын уюштуруучусуна түшүп турган.

Кечээ, 17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду Кыргызстандын чегинен тышкары жөнөтүү учурунда "Манас" аэропортунун аймагынан К.А. жана З.Р. кармалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен аталган жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иштер уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан