Бүгүн, 18-апрелде саат 10:30да Каракол шаарынын Карасаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруучулардын ыкчам иш аракети менен коңшу батирлерге өрттүн жайылуусу токтотулду.
"Тилсиз жоо саат 11:00дө чектөөгө алынып, өрт толугу менен өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.