Бүгүн, 18-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Мирзийоевди Душанбе аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды. Анын сапары борбордогу "Дусти" аянтындагы Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды.
Программада Өзбекстандын Тажикстандагы элчилигинин жаңы имаратынын, Маданият күндөрүнүн ачылыш салтанатына катышуу каралган. Ошондой эле сапар алкагында бир катар жолугушуулар өтөт жана кызматташтыкты бекемдөө тууралуу жаңы документтерге кол коюулары мерчемделген.