Курманкул Зулушев Көк бөрү ассоциациясынын президенти болуп шайланды

Бүгүн, 19-апрелде Көк бөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өтүп, Рамис Жунусалиев кызматынан кетип, ордуна Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушев шайланды. Бул тууралуу федерациядан билдиришти.

Ага ылайык, Рамис Жунушалиев жаңы ипподромду куруу ишин тездетип, көзөмөлгө алуу маселесине өзгөчө токтолду. Эгерде Курманкул Зулушев бүгүн айтылган маселелерди көзөмөлгө ала турган болсо, өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө даяр экендигин айтып, өз сунушун киргизди.

"Мындай сунушка Эл аралык көк бөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, макулдугун билдирген соң, Рамис Жунусалиевдин Көк бөрү федерациясынан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу сунушу добушка коюлуп, ошондой эле Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көпчүлүк менен колдоого алынды", - деп айтылат маалыматта.

Ага байланыштуу, жаңы шайланган Көк бөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, федерациядагы азыркы команда толугу менен алдыдагы 9-май турнирине даярдык көрүүгө киришерин билдирди.

Мындан тышкары ал федерация ичиндеги жумуштун ыргагы уланыш үчүн Рамис Жунусалиевди дароо биринчи вице-президент кылуу тууралуу сунуш киргизип, колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан