Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, активист Акжолтой Тукунов Аламүдүн райондук тергөө судьясынын чечими менен 16-июнга чейин эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, соттун токтомунда Акжолтой Тукуновдун айыпталуучу катары кармалганы - мыйзамсыз жана негизсиз деп табылганы жазылган.
Эске салсак, активист Акжолтой Тукуновдун кармалганын жана ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кечээ, 19-апрелде Чүй облустук милициясынан билдирген.
Анда активист массалык баш аламандыкка чакырык жасоого шектелип жатканы айтылган.
Акжолтой Тукунов 2022-2023-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал Фейсбуктагы баракчасында коомдо талкуу жараткан ар кандай постторду жарыялап келген.