Көлбаевдин опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин жетекчилеринен 1 миллион сом жана 500 миң доллар опузалап талап кылышкан делип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышкерлер Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү 1973 жылы туулган Ч.А. жана 1981-жылы туулган И.Э. экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"20-апрелде тергөө тарабынан шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы катары тергөө аяктаган мөөнөткө чейин камакка алынышты" деп айтылат билдирүүдө.
Учурда кылмышка катыштыгы бар дагы башка Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн тактоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан