Жалал-Абадда жааган жамгырдын кесепетинен Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында сел жүрүп, турак жайларды каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, жерине Жалал-Абад облусунун Жарандык коргоонун башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ тартылып, штаб түзүлүп, тактоо жумуштары жүрүүдө.
"Облустун Базар-Коргон, Токтогул райондорунда, Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарында жаап өткөн жаандан айрым ички көчөлөрдү сел каптагандыгы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан аныкталды. Анда кыйроолор жана адам өмүрүнө коркунуч болбогондугу аныкталды", - деп айтылат маалыматта.