УКМКга бир катар оор кылмыштарды, анын ичинде каракчылык кылмыштарды жасоого айыпталган чет өлкөлүк жаран жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган Казакстандын жараны С.А.А. кармалды. Аталган жаран жазадан кутулуу максатында 2023-жылдын күзүндө көзөмөл-өткөрмө бекеттен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстанда жашырынып жүргөн.
"Учурда С.А.А. Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилип, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.