"Америкага жиберебиз". Жарандын 28 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-мартта милицияга Э.М. аттуу жаран 2 адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Арыз ээси алар АКШга жиберебиз деп 28 миң 400 долларын алып, изин жашырып кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1991-жылы туулган Р.Д. кармалып, соттун чечими менен камакта калтырылган.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
"Арызда көрсөтүлгөн экинчи жаранга карата учурда анын жогорудагы кылмышка тиешесин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан