Бишкекте токтоп турган унааны айдап качканга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-апрелде милицияга Н.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 03:40 чамасында белгисиз адам Заводской көчөсүндө токтоп турган Volkswagen GoIf үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткенин айткан.