Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиландда өтүп жаткан Азия кубогунун плей-офф баскычына чыкты.
Турнирдин тайпалык этабынын жыйынтыктоочу оюнунда кыргызстандыктар Түштүк Корея менен беттешти. Кыл чайнашкан беттеш 5:5 эсеби менен аяктады.
Муну менен Кыргыз курамасы 5 упай топтоп, өз тайпасында экинчи сапка жайгашты. Буга чейин улуттук команда Японияны утуп, Тажикстан менен тең чыккан.
Эми кыргызстандыктар D тайпасында биринчи орунду ээлеген команда менен беттешет. Бул Иран же Кувейт болушу мүмкүн.
Тайпада биринчи сапты ээлеген Тажикстан 5 упайга ээ болгон, бирок голдордун айырмачылыгы боюнча тажик курамасы 1-орунду ээледи.