Депутаттар Франция Сенатынын делегациясы менен жолугушту

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин Франция менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси Арсланбек Малиев баштаган депутаттар Шарапаткан Мажитова, Бактыбек Сыдыков, Аманкан Кенжебаев Борбордук Азия-Франция достук тобунун төрагасы Эрве Море жетектеген Франция Сенатынын делегациясы менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууга Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делус да катышты. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Достук депутаттык тобунун жетекчиси Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да жемиштүү өнүктүрүүгө багытталган диалогго Кыргызстандын даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Эрве Море Жогорку Кеңештин депутаттарына жылуу тосуп алуу жана мазмундуу баарлашуусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну бекемдөөдө аракеттерин колдоорун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан