Бишкек
шаардык кеңешинин 2013-жылдын 11 айындагы жол кырсыктарын анализдөөсүнөн кийин Ленин
районунда жаш балдар катышкан жол кырсыктары көп катталары белгилүү болду.
Жол-кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, 11 ай ичинде 477 балдардын катышуусундагы жол кырсыктары катталып, 10
бала каза тапкан. Ошол эле кырсыкта 506 өспүрүм жаракат алган.
Ленин районунда
163, Октябрь районунда 96 жол кырсыгы болгон.
Кырсыктардын көпчүлүгү бейшемби күнү катталып, алардын басымдуу бөлүгү балдар жолдо өтүп бара жаткан учурга туш
келген.