Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды.
90 килограммга чейинки салмак категориясында катышкан Эрлан Шеров алгачкы жүрүшүн 1/8 финалдан баштады. Анда ал Индиядан келген спортчуну жеңип, чейрек финалда ливандык дзюдочуга утулуп калды.
Көңүл жубатуучу беттештин биринчи айлампасында Эрлан Шеров тажикстандык Комромсох Юстопирионду жеңип, коло байге үчүн болгон беттеште БАЭ дзюдочусунун үстүнөн жеңишке жетти.