Кербендеги борбордук базар мамлекетке кайтарылды

Аксы районунун Кербен шаарындагы баасы 23 миллион сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Кербен шаарынын борбордук базары Б.М. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз пайдаланылгандыгы аныкталган. Тактап айтканда, 2012-жылы ижара келишиминин негизинде аталган базар Б.Мга 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген, бирок келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин Б.М. базардын коммуналдык кооперативи менен болжолдонгон сатып-алуу-сатуу келишимине таянып, Кербен шаарынын мэриясына ижара акысын төлөөнү токтотуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жасалма түрдө соттошуп баштаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы аянты 1,79 гектар болгон Кербен шаарынын борбордук базары, мал базар, дан базары, жайма базар жана унаа базары 2003-жылдан бери Кербен шаарынын мэриясынын балансында тургандыгы аныкталган.

Мындан улам аталган базар Б.М. аттуу жаран тарабынан Кербен шаарынын муниципалитетине ыктыярдуу түрдө кайтарылып берилди.

Аталган объекттин базар наркы болжол менен 23 миллион сомго бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан