
Бишкекте коомдук транспорттон күнүнө 6,7 миллион сом түшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында борбор калаанын мэри
Айбек Жунушалиев билдирди.
Ал муниципалдык автотранспортторго талондорду жана электрондук акы төлөөчү терминалдарды киргизүү менен күн сайын төлөнгөн жол киренин суммасы эселеп өскөнүн белгиледи.
"Бүгүнкү күндө 616 автобус жана 115 троллейбуста күнүнө 460 миң транзакция жасалса, көзөмөлдү күчөтүп 465 миңге жеткире алдык. Эгерде акчалай алсак, бул 6,7 миллион сомду түзөт. Мунун баарына биз тыкыр текшерүү жана көзөмөлдүн аркасында жетишип отурабыз", - деди Жунушалиев.