Казак блогеринин Бишкекте кармалышы: Милиция билдирүү жасады

Казакстандык блогер Айдин Тусупов Бишкектеги коомдук жайда сөгүнгөнү үчүн милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 24-апрелде социалдык тармакка мониторинг жүргүзүү учурунда «Ынтымак» паркында Казакстандан келген блогерлер уят сөздөрдү айтып жаткан видео аныкталган.

"Бул факты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Райондук тергөө кызматы тарабынан 1992-жылы туулган Т.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, ал милицияга жеткирилген. Андан соң профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Ал «Ынтымак» сейил багында адепсиз сөздөрдү айткан. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бардык чаралар көрүлүүдө", - деп билдиришти райондук милициядан.

Буга чейин казак блогери социалдык тармактагы баракчасына Бишкекте кармалганын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан