
Өлкөдөгү мектептерде Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда өтөт. Бул жөнүндө Билим берүү министрлиги билдирди.
Билдирмеге караганда, иш-чара саат 9:00дө башталат. Салтанаттуу иш-чараны өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
"Мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө, ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине Акыркы коңгуроо салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат", - деп билдиришти министрликтен.
Министрлик буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертти.