Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кытайда иш сапары менен жүрөт

Кытайдын Чэнду шаарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен аталган калаанын башчысы Ван Фэнчаонун эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Бишкек мэриясынан билдиргендей, анда тараптар эки шаардын муниципалитеттеринин ишмердүүлүгүнө токтолуп, экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жана экономикалык жана соода алмашууга багытталган жалпы иш-чараларды өткөрүүдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жунушалиев чэндулук кесиптешине Бишкек жана Чэнду шаарларынын муниципалитеттеринин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирип, аны жакынкы келечекте Кыргызстандын борборуна келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле ал Бишкектин инвестициялык потенциалын жогорулатууга көңүл бурулуп жатканын жана инвестициялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар жалпы идеяларга жана кызыкчылыктарга байланыштуу тармактарда мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга жана тажрыйба алмашууга ишенимин билдиришти.

Маалымат үчүн: Чэнду Сычуань провинциясынын негизги шаары. Бул Кытайдын түштүк-батышындагы эң чоң шаар. 21 миллион калкы жана ИДПсы 2,2 триллион юань болгон бул Кытайдын бизнес чөйрөсүнүн эталону болуп саналат. Ошондой эле Чэнду шаары 2019-жылы шаарды кеңейтүү реформасын жүргүзгөн.

2023-жылдын 24-октябрында Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Бишкек шаары менен Чэнду шаарларынын байланышы түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан