Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Азербайжанга 24-25-апрелде болгон мамлекеттик сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Сапардын алгачкы күнү Баку шаарында "Зугульба" резиденциясында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Андан соң өлкө лидерлеринин тар курамдагы сүйлөшүүлөрү болду. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.

Тар курамдагы жолугушуудан кийин алар эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйынын өткөрүштү.

Президент Жапаровдун Азербайжанга сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

Ушул эле күнү Жапаров менен Алиев Баку шаарынын Азадлык - борбордук көчөлөрүнүн бириндеги сейил бакта кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, анын күмбөзүнө гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы ошондой эле Гейдар Алиевдин өмүрлүк жары Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл койду. Белгилүү мамлекеттик ишмер Азиз Алиев менен профессор Тамерлан Алиевдердин да элеси эскерилип, мүрзөлөрүнө гүл коюлду.

Сапардын экинчи күнү президент Жапаров Физули шаарына барды, ал жактан аны Ильхам Алиев өзү тосуп алды. Анда эки өлкөнүн лидерлери Хыдырлы айылында болочок орто мектепке мезгил кутусун салуу аземине катышты. Мектеп Кыргызстандын элинен боордош Азербайжан элине белек катары курулат.

Андан тышкары президенттер Физули жана Агдам шаарларынын өнүгүү планы менен таанышты. Агдамда алар XVIII кылымдагы сарай комплексине барышты, ал жерде Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайы жана мүрзөсү бар.

Бул жерде Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевге Азербайжан тукумундагы аттар көрсөтүлдү. Андан кийин президенттер Жума мечитине, байыркы Шахбулаг чебине барып, реставрация боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан