Топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

21-27-апрель күндөрү Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактары боюнча сүйлөшүү жүргүздү жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан