"Көчөдө эл аралай качып..." Ошто сойкулук менен алектенген чет өлкөлүк кыздар кармалды (видео)

Ошто интимдик кызмат көрсөткөн чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Р. аттуу жаран аял кишилердин сойкулук кызматын аткарууга көмөктөшүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө аракеттеринин натыйжасында, 25-апрелде Ош шаарындагы мейманканаларда коңшу өлкөнүн 13 жараны (аял кишилер) кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 1984-жылы туулган К.Т. аттуу жараны кылмышка шектүү катары кармалып, анын жанынан сойкулук кызмат көрсөтүүнү уюштургандыгы үчүн алдын ала белги коюлган акча каражаты далил буюм катары алынып, камакка алынган.

Алдын ала маалымат боюнча кылмышка шектүү К.Т. кардарлар менен кызмат акысын сүйлөшүп алып, аял-кишилерди коңшу өлкөдөн чакырып, шаар аймагында мейманканаларда системалык түрдө сойкулук кызмат көрсөтүүнү уюштуруп келген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Видео: Ош ОИИБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан