Кечээ, 28-апрелде өлкөдө Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо окуругдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.
Ал арада Боршайком шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен бөлүштү. Анда Баткен округу боюнча Бактияр Калпаев эң көп добуш алган болсо, Ош окуругунда Бекмурза Эргешов, Кара-Сууда Илимбек Кубанычбеков алдыга чыккан.
Белгилей кетсек, шайлоонун акыркы, аныкталган жыйынтыгы бюллетендер кол менен саналгандан кийин чыгат.