Дүйнөгө белгилүү мушкер кыргыз мушкери менен беттешүү үчүн салмагын алмаштырууга даяр

Орто салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, мексикалык Сауль Канело Альварес кыргыз мушкери Дмитрий Бивол менен боло турган реванш тууралуу One On One|Boxing Ютуб каналына айтып берди.

Өткөн жылдын май айында учурда Кыргызстандын атынан чыгып жаткан 33 жаштагы Дмитрий Бивол мексикалык чемпионду жеңип, карьерасындагы эң ири жеңишке жетишкен. Канело экинчи беттешке макул болду.

"Эгерде Бивол менен реванш боло турган болсо, мен орто жеңил салмакка чыга алам. Мен бул беттешке ашыккан деле жокмун. Эгер мүмкүнчүлүк болуп, тараптар кандайдыр бир макулдашууга келсе, мен салмагымды көтөрүп, бул беттешти өткөрүүгө даярмын", - деди Канело.

Альварес 4-майда Лас-Вегаста рингге кайтып келет. Анын атаандашы жердеши Хайме Мунгуиа болот.

Ал эми Бивол кийинки беттешин 1-июнда Сауд Арабиясында өткөрөт. Анын атаандашы Канаданын атынан чыгып жаткан орусиялык Артур Бетербиев болот. Эки мушкер орто оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн беттешишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан