Кечээ, 28-апрелде саат 19:28де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, атап айтканда, Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 12 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.