Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда таэквондо WT боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдеш кечээ, 28-апрелде башталып, ага республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун спортчу катышууда.
Иш-чаранын ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Рустам Ниязалиев, Таэквондо WT ассоциациясынын башкы катчысы жана таэквондо ВТ боюнча улуттук федерациясынын президенти катышты.
Белгилей кетсек, аталган чемпиондук “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулууда.