Өлкөдө соңку сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ӨКМден кабарлашты.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.
"Чүй облусунда 5, Бишкек шаарында 1, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.