Мушкерлердин мейманканадагы мушташы: "500 миң теңге коротуп, даярдангам" дейт кыргыз мушкери 

Беттештин алдында мейманканада казак мушкери менен жаңжалдаша кетип, "Найза" уюмунан дисквалификация болгон кыргыз мушкери Марсель Нурланбеков кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда ал "NAIZA" уюму кыргыз мушкерлерине олуттуу мамиле кылбай келгенин белгиледи.

"Найза" лигасы кыргыз мушкерлерине олуттуу мамиле кылбайт. Салмагын кууп барса, кайра беттешке чыгарбайт, акчасын бербейт. Спортчулардын мээнетин бериш керек, бардык адам бирдей. Мен жеке өзүм ушул беттеш үчүн убакыт кетирдим, 500 миң теңгеден ашык акча короттум", - деди ал.

Ал ошондой эле "Найза" уюмунун алдында "Hardcore" уюму беттеш сунуштаганын, андан баш тартканын айтты.

Эске сала кетсек, казакстандык Ануарбек Бекембетов менен кыргыз мушкери Марсель Нурланбеков 26-апрелде Алматыда өтө турган "NAIZA 59" турниринде беттешмек. Бирок алардын мейманканадагы жаңжалынан кийин уюм эки мушкерди уюмдан түбөлүккө четтетүү чечимин чыгарган.

Мушкерлердин меймаканадагы мушташы: "500 миң теңге коротуп, даярдангам" дейт кыргыз мушкери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан