Айдит Эркин Кыргызстандын Нидерландыдагы жана Люксембургдагы элчиси болуп дайындалды

Айдит Эркин Кыргызстандын Нидерландыдагы жана Люксембургдагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

"Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы элчиси Айдит Эркин Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштырып, Кыргыз Республикасынын Нидерланды Королдугундагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан