Ысык-Ата районунда уруштан улам бөтөкөлөшүн өлтүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 26-апрель күнү саат 22:00 чамасында Сын-Таш айылында болгон. Анда 1974-жылы туулган И.Ч. менен 1970-жылы туулган У.М. аттуу жарандар спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Жаңжалдан улам У.М. бөтөлкөлөшүн бычактап салган. Маркум алган жаракатынан улам аймактык ооруканада каза болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1970-жылы туулган У.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Кылмыш болгон жерден кылмыш куралы табылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.