УКМК Өзгөн райондук сотунун кызматкерин кармады

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери И.Т.З. тарабынан жарандык иш боюнча мүлктүк талашты оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 2 миң доллар талап кылган алдамчылык фактысы аныкталган.

"24-апрелде Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери И.Т.З. кармалып, анын унаасын жана үйүн тинтүү учурунда арыз ээси тарабынан мурда берилген 150 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылды. Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин алкагында И.Т.З. Өзгөн райондук сотунун кызматкери катары, сотто каралып жаткан жарандык/кылмыш иштерине тиешелүү айрым маселелерди чечүү боюнча "ортомчулук" кызматты көрсөткөнү такталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Келип түшкөн маалыматтар сот адилеттигине жатпаган чечимдерди чыгарууга жол бербөө үчүн, өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн жарандар ар кандай ыкмаларды издөөгө аргасыз болгондугун айгинелейт.

"Мындай учурларда соттордун иштеп жаткан кызматкерлеринин, адвокаттардын, ошондой эле ар кандай шектүү адамдардын арасынан ортомчулар пайдаланып, жарандардын көйгөйлөрүнөн алдамчылык жол менен акча табышат", - деп кошумчалашты УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан