Жалал-Абадда диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 3 жаран кармалды

Жалал-Абадда диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга социалдык тармактар аркылуу өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик материалдарды сактап, таратып жүргөн жарандар тууралуу маалыматтар түшкөн.
Бул маалыматтар шаардык милициянын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Сузак районунун 1988-жылы туулаган М.И., 1993-жылы туулган Х.К., жана мурда бир нече жолу жергиликтүү кеӊештин депутаты болгон 64 жаштагы И.М. аттуу тургундары кармалышкан. Ошондой эле алардан тиешелүү далил буюмдар алынып, экспертизалар дайындалган.
"Жүргүзүлгөн экспертизага ылайык, алынган далилдер өлкө аймагында тыюу салынган "Ишим-Ирак", "Шам-Ислам Мамлекети", "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" экстремисттик жана террористик уюмуна тиешелүү материалдар экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан