Касымалиев ИӨБ Башкаруучулар кеңешинин пленардык жыйынына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Башкаруучулар кеңешинин жана Директорлор кеңешинин тобунун пленардык жыйынына катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, ИӨБдүн Алтын юбилейи жана 2024-жылдагы 49-жылдык жыйыны “Өткөндү баалоо, келечекти белгилөө: оригиналдуулук, тилектештик жана гүлдөп өнүгүү” деп аталат.

Иш-чараны ИӨБ президенти Мохаммед Сулайман Аль-Жасир ачып, быйылкы жолугушуулар ИӨБгө мүчө өлкөлөр жана катышуучу каржы институттары менен кызматташууну максималдуу кеңейтүү, экономикалык мамилелерди консолидациялоо жолдорун изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

ИӨБнын жылдык жолугушуулары мамлекеттердин, эл аралык жана аймактык уюмдардын, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар кошумча иш-чараларды камтыйт.

2024-жылы иш-чарага 60тан ашык өлкөнүн, анын ичинде ИӨБгө мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан