Максат Усубалиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн, 29-апрелде билдиришти.
Белгилүү болгондой, ал 2012-2017-жылдары Туризм департаментинин директорунун орун басары, акыркы эки жылда Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти болгон.
Максат Усубалиев 38 жашта, туризм тармагында атайын билими жана эки магистр даражасы бар.