Түркиядан мыйзамсыз алып келинген кулпунай көчөттөрү аныкталды

Өлкөгө мыйзамсыз алынып келинген 49 миң 100 килограмм кулпунай көчөттөрү аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында жайгашкан кампадан тийиштүү документтери жок кулпунай көчөттөрү табылган. Текшерүүдө товар Ф.Г. компаниясынын дарегине Түркиядан келгени жана бажы жол-жоболорунан өткөрүлбөстөн дароо алуучунун кампасына түшүрүлгөнү аныкталган.

"Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион 465 миң 207 сомду түздү. Чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан