Бишкекте шаар күнү салтанаттуу белгиленди

Кечээ, 29-апрелде Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Бишкек шаарынын күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкектин күнүн белгилөөгө борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери келишти.

"Ар бириңиздер өзүңүздөр жашап жана иштеп жаткан Бишкек шаары менен сыймыктана тургандай, көз жоосун алган кооз, таза жана меймандарга жайлуу, жакшы маанайда эс алуу үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Сүйүктүү борбор калаабызга анын жашоочуларына бакубаттык, ар бир үй-бүлөгө байгерчилик, бейпилдик жана жакшылыктарды каалайм. Бишкек шаарыбыз көрккө бөлөнүп, алгалап өнүгө берсин!" - деп белгиледи калаа башчысы.

Ага ылайык, майрамдык концерт борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун концерти менен башталды.

"Майрамдык иш-чаранын кульминациясы «Вальс кечеси» фестиваль-конкурсу болду, ал Mezzo Forte оркестринин концерти менен уланды.

Мындан тышкары майрамдык кечеде кыргыз эстрада жылдыздары да ырдашты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан