Коңшу Өзбекстандын 23 жашка чейинки футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун финалына чыгып, ошол эле учурда тарыхый жетишкендикке жетишти.
Эми Өзбекстан курама командасы тарыхта биринчи жолу Олимпиада оюндарына катышат.
Эске сала кетсек, тайпалык баскычта Өзбекстан үч беттеште үч жеңишке жетти. Тагыраагы, Малайзия (2:0), Кувейт (5:0) жана Вьетнамды (3:0) жеңген. Чейрек финалда өзбек футболчулары Сауд Арабиясын 2:0, жарым финалда Индонезияны ушундай эле эсепте утуп алышты.
Финалда Өзбекстан курамасы Япония менен беттешет.