Казак ырчысы Кайрат Нуртас сахнада уят сөздөрдү айтканы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Ырчы коомдук жайда адепсиз сөздөрдү айтканы үчүн "майда бейбаштык" беренеси менен 73 миң 840 теңге өлчөмүндө айыпка жыгылды", - деп айтылат маалыматта.
Бир нече күн мурун казак ырчысынын сахнада сөгүнгөнү тартылган видео интернет желесине тараган.