Тоңдо мурдагы мамлекеттик кызматкер бюджеттен 1,5 миллион сомду уурдоого шектелип кармалды

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, К.А. мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион сомдон ашуун каражатты максатсыз пайдаланган жана уурдаган деп шектелүүдө.

Тактап айтканда, ал кызматтык абалын пайдалануу менен "Социалдык байланыш" мамлекеттик долбоорунун алкагында Тоң районунун беш жашоочусуна бир жолку финансылык жардамды мыйзамсыз алууга шарт түзүп берген.

"Мындан тышкары К.А. Тоң районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы үчүн кызматтык автоунаанын ижарасы жөнүндө жалган документтерди даярдаган. Иш жүзүндө эмгек ишмердигин жүргүзбөгөн айдоочуга эмгек акы жана өргүү төлөмдөрү мыйзамсыз эсептелинген", - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат топтолгон материалдардын негизинде К.Ага айып тагылып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынганын кошумчалады.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан