УКМК Кара-Суу районунда салык кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармады

Кара-Суу районунда салык кызматкери 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызматка мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине ишкер тарабынан арыз түшкөн. Анда ал тогуз автоунааны ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылганын билдирген.

Аталган факты боюнча текшерүү жүрүп, акча каражатын Ош облусунун Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р. опузалап талап кылгандыгы аныкталды.

"Кызматкер 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан