Бишкекте автоунаанын документтерин жасалмалоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-январда милицияга И.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, былтыр 7-ноябрда Фрунзе менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде А.А. аттуу жаран ишеничине кирип, 47 миң долларлык Тойота Хайландер үлгүсүндөгү унаасын бөлүп-бөлүп сатып алам деген шылтоо менен алган. Бирок шектүү керектүү документтерди жасалмалап, унааны башка бирөөнө сатып, андан түшкөн акчаны жеке муктаждыктарына жумшап салган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (документтердин жасалмасын жасоо) ылайык кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 1976-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.