"Беш-Сарынын" директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Наргиза Жолдошбаева кармалды

"Беш-Сары" ЖЧКсынын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Наргиза Жолдошбаева кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат "Беш-Сары" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерүүдө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысын аныктаган.

Буга чейин былтыр ноябрда "Беш-Сары" ЖЧКсынын директору Наргиза Жолдошбева соода-базар комплексиндеги ишкерлер үчүн ижара акысы 30 пайызга төмөндөтүлгөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирген.

"Бирок аталган уюмдун жетекчилиги 2024-жылдын май айынан тарта ижара акысын мурдагы өлчөмгө кайтарууну көздөгөн. Мындай кадам "Беш-Сары" соода түйүнүндөгү соодагерлердин нааразычылыгын жараткан", - деп айтылат маалыматта.

УКМК 29-апрелде кармалган Наргиза Жолдошбаева убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, "Беш-Сары" ЖЧКсынын жетекчиси болуп Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна катталган.

Эске салсак, УКМК 19-апрелде мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп бергендигин билдирген болчу. Ал эми Биринчи Май райондук соту Жолдошбаев эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулганын маалымдаган.

22-февралда УКМК тарабынан "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталып, ага ээлик кылган Жолдошбаев кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан